# КР Президентинин 2021-жылдын 01-декабрындагы ПЖ № 536 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 01-декабрындагы ПЖ № 536 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9768/edition/1116847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 01-декабрындагы ПЖ № 536 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430772

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 1-декабры ПЖ № 536 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:

-Абышова Кундуз Сабырбековна; -Ганиев Жоомарт Махамадисакович; -Кыдыралиева Нурзат Амантуровна; -Накешова Минура Асылбековна; -Токтосунов Шарабидин Бекташевич; -Чоноев Чынгыз Мелисович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
