Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 515 “»Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 6 декабря 2024 года УП № 345 "О проекте "Строительство международного делового центра "Бишкек-Сити"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-ноябры ПЖ № 515 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73, 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыктарынын редакциясына ылайык) Социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Дирекция) түзүлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Дирекция “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун (мындан ары - ишкердик борбор) куруу мезгилине түзүлөт деп белгиленсин.
3. Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
- ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча;
- ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү;
4. (КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте:
- ишкердик борборду куруу үчүн жер участогун инвентаризациялоо жана берүүгө даярдоо боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Дирекцияны зарыл жайлар менен камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин, анын штаттык санын аныктасын;
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борбордун жайгашкан жерин аныктасын.
(КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73, 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоору жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2024 · № 345
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 287 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция…Постановление · 02.12.2021 · № 287 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №287 токтомуПостановление · 02.12.2021 · № 287
- КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун…Указ · 07.03.2022 · № 73 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик…Указ · 25.07.2022 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 09.09.2022 · № 498 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоору жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2024 · № 345
- КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун…Указ · 07.03.2022 · № 73 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.