# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9745/edition/1242851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы (25.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430742

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 7-майы ПЖ № 134 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө (КР Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 472, 2021–жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 71-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 472, 2021 –жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү сунуштарды киргизсин жана зарыл чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 14 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 195 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы № 209 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 9-мартындагы № 50 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 64 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 148 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 4 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.

(КР Президентинин 2021 –жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
