# КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 481
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9738/edition/1100051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (25.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430735

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 25-октябры ПЖ № 481 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-1-пункту төмөкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгынын 3, 4-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
