# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9737/edition/1133302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" жарлыгы (26.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430733

---

КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ №37 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 22-октябры ПЖ № 476 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун түзүмү 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун штаттык саны 3-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

## I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасында:

- он үчүнчү абзацы "башкармалыгынын начальниги" деген сөздөрдөн кийин ", борборунун директору" деген сөздөр менен толукталсын;

- он төртүнчү абзацы "башкармалыгынын начальнигинин орун басары" деген сөздөрдөн кийин ", борборунун директорунун орун басары" деген сөздөр менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 109-110 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ТҮЗҮМҮ

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ШТАТТЫК САНЫ

Кызмат орду

Штаттык бирдиктердин саны

Директор

1

Директордун орун басары

1

Эксперт

14

Жалпы

16
