# КР Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 412
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9716/edition/1098956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 412 "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгы (30.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430710

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 30-сентябры ПЖ № 412 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө Элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Тиркелген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2021-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;

2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууну финансылык камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен өз ара аракеттенип, Концепциянын негизги жоболору жөнүндө калкка, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, диний бирикмелерге, дин кызматкерлерине, эл аралык уюмдарга кеңири маалымдоону камсыз кылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
