# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1943/edition/557690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери жөнүндө" жарлыгы (12.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4307

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин

маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын Конгрессинин су-

нушуна ылайык, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын 3-пунктун жетек-

чиликке алып, токтом кылам:

1. 2005-жылдын декабры айылдарда, поселоктордо жана райондук баш

ийүүдөгү шаарларда 2001-жылдын март-майында пилоттук шайлоонун

жүрүшүндө шайланган жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын ый-

гарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган мөөнөт деп эсептелсин.

2. Айрым айылдарда, поселоктордо жана райондук баш ийүүдөгү шаар-

ларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын бош орундарын

ээлөө максатында айылдык, поселоктук кењештердин жана райондук баш

ийүүдөгү шаардык кењештердин депутаттарына жергиликтүү өзалдынча башка-

руунун тиешелүү башчыларынын милдеттерин убактылуу аткаруучуларды шай-

лоо 2005-жылдын декабрында белгиленген тартипте шайлоо өткөрүлгөнгө че-

йин аларды өз курамынан шайлоо сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясына айылдарда, поселоктордо жана райондук баш

ийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларын

мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө маселени чечүү учурунда ка-

ражаттарды үнөмдөө максатында ушул Жарлыктын 2-пунктун эске алуу сунуш

кылынсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
