Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ № 274 «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР О от 10 сентября 2011 года № 236 " О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-07-12.
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин
маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын Конгрессинин су-
нушуна ылайык, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын 3-пунктун жетек-
чиликке алып, токтом кылам:
1. 2005-жылдын декабры айылдарда, поселоктордо жана райондук баш
ийүүдөгү шаарларда 2001-жылдын март-майында пилоттук шайлоонун
жүрүшүндө шайланган жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын ый-
гарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган мөөнөт деп эсептелсин.
2. Айрым айылдарда, поселоктордо жана райондук баш ийүүдөгү шаар-
ларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын бош орундарын
ээлөө максатында айылдык, поселоктук кењештердин жана райондук баш
ийүүдөгү шаардык кењештердин депутаттарына жергиликтүү өзалдынча башка-
руунун тиешелүү башчыларынын милдеттерин убактылуу аткаруучуларды шай-
лоо 2005-жылдын декабрында белгиленген тартипте шайлоо өткөрүлгөнгө че-
йин аларды өз курамынан шайлоо сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясына айылдарда, поселоктордо жана райондук баш
ийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларын
мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө маселени чечүү учурунда ка-
ражаттарды үнөмдөө максатында ушул Жарлыктын 2-пунктун эске алуу сунуш
кылынсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.09.2011 · № 236
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон