# КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9706/edition/1178626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы (05.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430699

---

КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 435 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмү 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында:

V, VI бөлүмдөр күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
