# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9704/edition/1095408/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө" жарлыгы (12.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430697

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 422 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 92-беренесинин 1-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы кызматтан кетирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматтан кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
