# КР Президентинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9677/edition/1087796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (14.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430669

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 14-сентябры ПЖ № 391 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
