# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9674/edition/1086657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430665.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" жарлыгы (08.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430665

---

КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 2-сентябры ПЖ № 377 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө Заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси илимий жана инновациялык ишти өлкөнү социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо зарылдыгын аныктайт. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
