# КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9649/edition/1085089/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө" Жарлыгы (27.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 8-июлу ПЖ № 293 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө (КР Президентинин 2021-жылдын 27-августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык) Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы № 253 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 11-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
