# КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 371 "Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 371 "Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9648/edition/1094326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 371 "Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө" жарлыгы (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430636

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 1-сентябры ПЖ № 371 Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусу ыйгарылсын жана мындан ары “Алтын Түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы” деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин бул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
