# КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 374 "Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 374 "Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9645/edition/1085046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 374 "Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 1-сентябры ПЖ № 374 Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзсүн;

- бул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
