# КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9626/edition/1084688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (24.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430614

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 24-августу ПЖ № 349 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишинин ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:

6-пунктунун 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «13) комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн балдардын укуктары боюнча жумушчу топторго жана консультациялык кеңештерге катышуу;»; 17-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «9) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерин даярдоону жана аларды андан ары коштоону жүзөгө ашыруу;».

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
