# КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

- Толук аталышы: КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9609/edition/1082744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ (21.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430595

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 21-октябры ПЖ № 215

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:

"10-1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген комитетин жетектеген/жетектеп жаткан жетекчилерге Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы кызмат орду боюнча ушул Жободо белгиленген тартипти сактоо зарылдыгысыз ыйгарылышы мүмкүн.";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын кызмат орундарынын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмесинин 1-пункту "Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген комитетинин төрагасы/экс-төрагасы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-ноябрында № 122 жарыяланды

Президент

А. Атамбаев
