# КР Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9601/edition/1087211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгы (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430586

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2018-жылдын 2-июлу ПЖ № 147 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрдык потенциалды жогорулатуунун бирдиктүү системасын мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле квалификациялуу кадрларга болгон реалдуу муктаждыктарды эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте он беш жумушчу күндүн ичинде ушул Жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
