# КР Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы ПЖ № 335 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы ПЖ № 335 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 335
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9581/edition/1077729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы ПЖ № 335 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө" жарлыгы (28.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430561

---

КР Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 364 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 9-августу ПЖ № 335 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы төмөнкүдөй аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
