# КР Президентинин 2020-жылдын 17-январы ПЖ № 9 "А.Э.Сулайманова жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 17-январы ПЖ № 9 "А.Э.Сулайманова жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9571/edition/1085154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 17-январы ПЖ № 9 "А.Э.Сулайманова жөнүндө" Жарлыгы (17.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК 2020-жылдын 17-январы ПЖ № 9

А.Э.Сулайманова жөнүндө

Ош шаардык сотунун судьясы А.Э.Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
