# КР Президентинин 2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430544>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9568/edition/1112686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430544.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430544

---

КР Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Зулпиев Бектур Рысбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Курманбаева Аида Маратовна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мадмаров Азизбек Маматович

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Карыбеков Залкарбек Арзыбекович

\-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

\-

Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы;

Нифадьев Владимир Иванович

\-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору;

Бараканова Салтанат Нурудиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 18-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
