# КР Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9557/edition/1102825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы (17.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430532

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 15-июлу ПЖ № 302 Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 жарлыгынын редакциясына ылайык) Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

- эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыктын жоболоруна ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Ушул Жарлыкты ишке ашыруу штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
