# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9556/edition/1254427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" жарлыгы (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430531

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2021-жылдын 3-июну ПЖ № 249 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана мыйзамдык жөнгө салууга чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат орду түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары киргизилсин.

3. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
