Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 291 «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 8-июлу ПЖ № 291 Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 28-беренесине ылайык, этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында токтом кылам:
1. Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын;
- ушул Жарлыктын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип турсун.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 7 жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22 майындагы № 2079-VII "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.05.2024 · № 2079-VII
- Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз…Временное положение · 08.07.2021 · № 291
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөЗакон · 21.05.2007 · № 70
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021