# КР Президентинин 2021-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 288 "Д.М. Онолбеков жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 288 "Д.М. Онолбеков жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9550/edition/1087059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 288 "Д.М. Онолбеков жөнүндө" жарлыгы (02.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 2-июлу ПЖ № 288

Д.М. Онолбеков жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Чүй облустук сотунун судьясы Д.М. Онолбековго карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Токтом кылам:

1. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Онолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
