# КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9547/edition/1093917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430520

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2020-жылдын 13-ноябры ПЖ № 38 Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө

Калктын биримдигин жана социалдык биригүүнү камсыз кылууда Кыргызстан калкы ассамблеясынын ролун көңүлгө алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин статусу жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органдын статусу берилсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
