Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 192 «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 26 февраля 2024 года УП № 37 "О внесении изменений в некоторые указы Президента Кыргызской Республики по вопросам деятельности Администрации Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-02-26.
КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 19-майы ПЖ № 192 Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн ишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-майындагы № 62 (3241) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.05.2021 · № 192
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Указ · 26.02.2024 · № 37