# КР Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ№278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ№278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9541/edition/1201429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ№278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430513

---

КР Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫК 2021-жылдын 26-июну ПЖ№278 Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 405 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин кошпогондо, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

(КР Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 405 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

- бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-майындагы № 75 жарыяланды

Кыргыз Республикасыны Президенти

С.Н.Жапаров
