# КР Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 "Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 "Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9534/edition/1093905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 "Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 21-июну ПЖ № 267 Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоосунун, ишке ашыруусунун жана сактоосунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
