# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-марты ПЖ № 76 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-марты ПЖ № 76 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9532/edition/1069148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-марты ПЖ № 76 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы (15.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 15-марты ПЖ № 76 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:

1) Багинська Лидия Степановна, украин, 1930-жылы Украина ССРинин Житомир облусунун Лихосилка кыштагында туулган;

2) Живага (Овчаренко, Страхова) Галина Николаевна, украин, 1961-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган;

3) Живага Станислав Леонидович, украин, 1989-жылы Украина ССРинин Ворошиловград облусунун Лисичанск шаарында туулган;

4) Швидич Володимир (Владимир) Викторович, украин, 1960-жылы Украина ССРинин Донецк облусунун Курахово шаарында туулган.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
