# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1941/edition/1162663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык- техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы (04.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4305

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 264

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин материалдык-

техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну

оптималдаштыруу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасынын көзкарапдысыз жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл

шарт түзүү, ошондой эле анын ишин материалдык-техникалык жана

финансылык жактан камсыз кылууну андан ары оптималдаштыруу максатында

токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөо палатасынын ишин материалдык-

техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жана

анын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын финансылык-

чарбалык бөлүмүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасынын сунушуна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 19-октябрындагы

№ 300 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин

материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну андам ары

өркүндөтүү жөнүндо» Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Аталган Указдын 1-пунктунун экинчи абзацындагы «, Кыргыз

Республикасынын Эсептоө палатасы» деген сөз алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген

тартипте:

- Кыргыз Республикасыыын Эсептөө палатасына төмөнкүлөрдү өткөрүп

берсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз

Республикасынын Эсептөө палатасын тейлеген кызматкерлеринин штатын;

Кыргыз Рсспубликасынын Эсептөө палатасынын ишип камсыз кылуу үчүн

пайдаланылган финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды жана

башка мүлктү анын балансына;

- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдасын жана киргизсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасыныи түзүмүн жана

штаттык санын өзгөртүү;

мамлекет башчысынын ченемдик укук актыларын ушул Жарлыкка ылайык

келтирүү.

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы белгиленгеп тартипте:

- кабыл алсын:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз

Республикасынын Эсептөө палатасын тейлеген кызматкерлеринин штатын;

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн

пайдаланылган финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды жана

башка мүлктү өз балансына;

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эсептөе палатасынын

түзүмүн жана штаттык санын даярдасын жана бекитүүгө киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка

маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүњө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
