# КР Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9508/edition/1088131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (29.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430477

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2020-жылдын 1-февралы ПЖ № 11 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.";

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө жободо:

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Фонддун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү жүргүзөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктта "жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пункту.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12 жарыяланды

Президент

С. Жээнбеков

Тиркеме

"1-тиркеме

Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Кененбаев Алмаз Муканович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Ташпаева Назгуль Аскеровна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Исаков Каныбек Абдуваситович

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Юсупова Надия Рашидовна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Молдобекова Гулкан Сакиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.".
