# КР Президентинин 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9490/edition/1068248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгы (27.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430456

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна таандык 65% мамлекеттик үлүштү мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Типография" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы деп кайра атасын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 66 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
