Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 230 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна таандык 65% мамлекеттик үлүштү мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Типография" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы деп кайра атасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 66 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021