# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9485/edition/1106815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (02.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430451

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 29-августу ПЖ № 168 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.".

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков

Тиркеме

"1-тиркеме

Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Кененбаев Алмаз Муканович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Исаков Каныбек Абдуваситович

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Молдобекова Гулкан Сакиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Усубалиев Максат Абдыкадырович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Юсупова Надия Рашидовна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы.".
