Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 146 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2021-жылдын 8-майы ПЖ № 146 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аталышын өзгөртүү каралган. Ошону менен бирге аталган Жарлык толугу менен ишке ашырылган эмес. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынарын белгилөө керек. Ушуга байланыштуу жана өзүнүн дайындалышын кыйла так билдирген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин тарыхый аталышын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын колдонулушу ал чыгарылган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 18-майындагы № 61 (3240) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.09.2018 · № 183
- КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички…Указ · 30.10.2019 · № 145 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндөЗакон · 03.06.2019 · № 70
- КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички…Указ · 30.10.2019 · № 145 · Күчүн жоготкон