# КР Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 37 "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 37 "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9434/edition/1171862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 37 "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430396

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 11-февралы ПЖ № 37 Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- Ж.Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

- майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
