# КР Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта «КР Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта «КР Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9417/edition/1061979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта «КР Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө" Жарлыгы (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430349

---

КР Президентинин 2021 – жылдын 8 – февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 23-марты № 54 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта «КР Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө» «Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз карандысыз демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чараларды көрүүнү ТАЛАП КЫЛАТ. COVID-19 коронавирусунун жайылышынан улам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын жана коомчулуктун кайрылууларын эске алып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы № 32 Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды мындан ары аткаруу Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал режиминин мезгилинде токтотулуп турсун.

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн;

— сунуштарды киргизсин:

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды улантуунун датасы жана добуш берүүнүн датасы боюнча;

— мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттерине өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда шайлоо процессин регламенттөө жаатындагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шайлоо мыйзамдарына киргизүү боюнча.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».

Президент

С. Ш. Жээнбеков
