# КР Президентинин 2021-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9412/edition/1038342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу" Жарлыгы (03.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430343

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 3-февралы ПЖ № 16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык БОШОТУЛСУН:

- Мамытканов Максат Сүйүналиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;

- Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;

- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруудан;

- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министринин милдеттерин аткаруудан;

- Джаманкулов Марат Тургунбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдеттерин аткаруудан;

- Мукашев Кыялбек Белекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдеттерин аткаруудан;

- Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан;

- Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдеттерин аткаруудан;

- Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдеттерин аткаруудан;

- Токтогазиев Тилек Мурсалиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдеттерин аткаруудан;

- Солтонбекова Ализа Карыпбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруудан;

- Тердикбаев Эрлис Джекшенович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан;

- Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан;

- Исмаилов Алтынбек Джапарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
