# КР Президентинин 2020-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9394/edition/1106823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы (18.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430325

---

КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 14-декабры ПЖ № 58 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн, 64-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун, 2-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесинин 4-бөлүгүн, 25-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечимдерди кабыл алганга чейин колдонулат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

Т.Мамытов
