# КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9388/edition/1035799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (17.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430318

---

КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ N 203 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2020-жылдын 22-сентябры ПЖ № 179

Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы N 80 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
