Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 1 «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 16-октябры ПЖ № 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын массалык түрдө одоно бузуулардын натыйжасында келип чыккан 2020-жылдын 5-6-октябрында өлкөдө болгон элдик толкундоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алардын натыйжаларын жараксыз деп тааныды. Элдин талабы боюнча ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаны Өкмөтү түзүлдү. 2020-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков арызынын жана аны жалпы элге жарыялоонун негизинде кызматтан кетти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткара албагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине өттү. Жогоруда аталган жагдайларды эске алып жана өлкөдө коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу, жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо, мамлекеттик жана коомдук институттардын талаптагыдай иштешин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын аракеттеги Премьер-министри катары Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткарууга киришип жатып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Укук коргоо органдарын, сотторду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошо алганда, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери карамагындагы органдардын штаттык режимде иштешин камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тикелей милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн, зарылдыгына жараша күнөөлүү болгондорду белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартсын;
- жасалган иштер жөнүндө жума сайын баяндама берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого байланыштуу иштерди активдештирсин;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын катышуусу менен менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүүсүн жана (же) жеке жактар менен уюмдарга таандык капиталды мыйзамсыз башкарууну кошо алганда, өлкөдө криминалитет менен күрөшүү жана кылмыштуу топтордун ишине тыюу салуу боюнча иштерди күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте коммерциялык банктардын туруктуу иштешин жана каражаттарды которууну ишке ашырууну камсыздасын, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууларга бөгөт койсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербестен, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды ыкчам тартипте көрсүн;
- чакан жана орто бизнести коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун үстүндө иштөөнү активдештирсин;
- өлкөдө дүйнөлүк чакырыктарды шайкеш кабыл алууга жана чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиктерин алдын алууга багытталган экономиканын түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо жаатында адистешкен коомдук уюмдардын катышуусунда коронавирус оорусун калк арасында жайылтпоо боюнча иштерди күчөтсүн; өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрсүн, коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды аныктоочу жана аларды дарылоочу медициналык мекемелерди каржылоону үзгүлтүккө учуратпастан аталган максаттарга бюджеттен жетиштүү каражаттарды бөлүп берсин.
6. Ушул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон