# КР Президентинин 2020-жылдын 16-октябрындагы ПЖ № 2 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 16-октябрындагы ПЖ № 2 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9353/edition/1027150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 16-октябрындагы ПЖ № 2 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө" Жарлыгы (16.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430280

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 16-октябры ПЖ № 2 Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы 2020-жылдын 15-октябрынан баштап:

1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбековду төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде медициналык тейлөөнү;

2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесинин айдоочусу бар белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдары жана техникалык тейлөөсү менен автомобиль.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;

2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.

4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

С.Жапаров
