Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 2 «Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 16-октябры ПЖ № 2 Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбеков жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы 2020-жылдын 15-октябрынан баштап:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш.Жээнбековду төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде медициналык тейлөөнү;
2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесинин айдоочусу бар белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдары жана техникалык тейлөөсү менен автомобиль.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;
2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.