# КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 137 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 137 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9328/edition/1025628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 137 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы (23.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430255

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 23-июну ПЖ № 137 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош облусунун төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:

- Ош шаардык сотуна:

Алибаев Бактыяр Маликович Баткен облустук сотунан; Алимбекова Жылдыз Кубанычовна Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан; Кожомкулов Алайбек Рамазанович Ош облусунун Алай райондук сотунан; Маматалиев Таалайбек Ажибекович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан; Маматов Темирбек Тайырбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан; Раимкулов Эрмек Раимкулович Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан; Токтосунов Тилек Калыкович Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан; Турдалиев Ниязбек Назарович Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан; Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;

- Кара-Суу райондук сотуна:

Гуламидин уулу Элчибек Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан; Маматов Куштарбек Иссаевич Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан; Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич Ош облусунун административдик сотунан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
