# КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 135 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 135 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9326/edition/1025618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 135 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы (23.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430253

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 23-июну ПЖ № 135 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:

- Бишкек шаардык сотуна:

Азимжанов Мадамин Низамидинович Баткен облустук сотунан; Динеев Мирад Сагынбекович Чүй облусунун Чүй райондук сотунан; Омуралиева Анара Медербековна Ысык-Көл облустук сотунан;

- Биринчи май райондук сотуна:

Айдаралиева Венера Калмуратовна Талас облусунун Манас райондук сотунан; Акылбекова Джамиля Дилдебековна Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан; Бекенов Туратбек Орозбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунан; Бекишова Махабат Таныбековна Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан; Болотбаев Мелис Жаныбекович Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунан; Жумагулова Жылдыз Таалайбековна Талас облустук сотунан; Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан; Медеров Азирет Баратович Талас облусунун Талас шаардык сотунан; Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна Чүй облусунун Панфилов райондук сотунан; Сатарбек уулу Мирбек Чүй облусунун Кемин райондук сотунан; Сатимкулов Убайдулла Акилбекович Ысык-Көл облустук сотунан; Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан; Уметалиева Чолпонай Маматовна Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунан; Эсенгулова Асел Токтакуновна Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунан;

- Ленин райондук сотуна:

Бердыбаев Бакбуркан Асанканович Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан; Иманалиева Айнура Касымбековна Талас облустук сотунан; Калыбеков Урмат Анварбекович Нарын облусунун Нарын райондук сотунан; Усупбекова Назира Токтомуратовна Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан;

- Свердлов райондук сотуна:

Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан; Алымкулов Айдарбек Бекишович Бишкек шаарынын административдик сотунан; Мамбетов Элдияр Асантурович Нарын облусунун Кочкор райондук сотунан;

- Октябрь райондук сотуна:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич Бишкек шаарынын административдик сотунан; Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна Талас облусунун Талас райондук сотунан; Эгембердиева Ойниса Муратхановна Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
