# КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9314/edition/1022970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө" Жарлыгы (09.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 09-октябры № 185 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясыныни 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов Кубатбек Айылчиевичтин кызматтан кетүүсү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин,

4. Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Президент

С. Ш. Жээнбеков
