# КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9288/edition/1012590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 3-июну № 77 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчунчү абзац менен толукталсын:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жөнүндө жобо 1 '-тиркемеге ылайык;";

2) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык 1 '-тиркеме менен толукталсын;

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү жөнүндө жободо:

- 4-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жок болгондо "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы (мындан ары - Конституциялык палата) өкүлчүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылуу.";

-5-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Конституциялык палатанын жыйналыштарына белгиленген тартипге катышуу;"; -12-пункттун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын; -13-пункттун 7-пунктчасында "бөлүм башчысынын" деген сөздөр "Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков
