# КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9273/edition/1016771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430197

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 4-февралы ПЖ № 20 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда чыгарылган жарлыктарын инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 15-июнундагы № 204 "2005-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн экономикалык стратегиясы жана 1996-1998-жылдарга индикативдүү социалдык-экономикалык план жөнүндө" Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 16-мартындагы № 72 "Тышкы сооданы, өнөр жайды, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 25-июнундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө" Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 28-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык айлык акыларын жогорулатуу жөнүндө" Указы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 15-июнундагы "2005-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн экономикалык стратегиясы жана 1996-1998-жылдарга социалдык-экономикалык индикативдик план жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 6-мартындагы № 49 "2000-жылы республиканын айыл чарбасында жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү жөнүндө" Указы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 6-апрелиндеги № 76 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында турак-жай курулушун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" Указы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 4-сентябрындагы № 255 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" Указы;

9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-июнундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш жөнүндө" Указы;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-июлундагы № 225 "2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы жөнүндө" Указы;

11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 14-декабрындагы № 375 "2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында эмгек акы реформасынын Концепциясы жөнүндө" Указы;

12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 18-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасында кедейликти кыскартуу таламында социалдык мобилизациялоону андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

13) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын чечимдерин иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу чаралары жана 2003-жылы туруктуу өнүгүү жана кедейликти кыскартуу боюнча милдеттер жөнүндө" Жарлыгы;

14) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 26-ноябрындагы № 381 "Жер жана агрардык реформа боюнча эларалык илимий-өндүрүштүк конференцияны өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы;

15) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 29-ноябрындагы "Жер жана агрардык реформа боюнча эларалык илимий-өндүрүштүк конференция өткөрүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

16) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 17-июлундагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

17) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

18) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы № 105 "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

19) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-апрелиндеги № 172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы;

20) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-мартындагы "2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

21) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы;

22) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 28-мартындагы № 109 "Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтык маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы;

23) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-январындагы № 50 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин өнүктүрүүнүн Стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

24) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-июнундагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;

25) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
