# КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9269/edition/1009149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 4-февралы ПЖ № 19 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда чыгарылган жарлыктарын инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-январындагы № 23 "2006-2010-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасында денетарбиясын жана спортту өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31-мартындагы № 151 "Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоо, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 173 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү Концепциясы жана 2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жаштары" Улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 471 "Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы № 313 "2015-жылга чейин кыргыз кино өнөрүн өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы № 523 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
